Теке айынын тогузунда Курман айт майрамы башталат

Теке айынын тогузунда Курман айт майрамы башталат

Быйыл жалпы мусулмандар үчүн ыйык Курман айт майрамы теке айынын 9да башталат. Бул күндөрү мусулман коомчулугу Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалып, бей-бечараларга, муктаждарга жардам беришет. Балагатка жеткен акыл-эстүү мусулман, анын ичинде сапарда эместерге жана мүмкүнчүлүгү барларга курмандык чалуу сооптуу иш деп эсептелет. Азирети муфтий элди пендечиликке алдырбоого, пайда табуучулукка, алып-сатарлыкка барбоого, малдын баасын көтөрбөөгө, элдин абалын эске алууга чакырды.

Наурызбай ажы Таган уулу, КМДБнын төрагасы, башкы муфтий:

- Биз айткыбыз келет, бул ибадат учурунда адамдар курмандык чалуу аркылуу Кудайга жакындайбыз деп ниет кылышса, алардын ибадаттарына кыйынчылык жаратпашыбыз керек. Мусулмандарыбызга, Кудайга ишенген инсандарга бааны кымбаттатпай, ошол элдин абалына жараша жардам колубузду суна турган болсок чоң сооп болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков