Имигранттардын өлкөдө калуу мөөнөтү узартылды

Казакстанда иммигранттарга уруксат мөөнөтү узартылды. Эми убактылуу жашоого уруксаттын мөөнөтү бүткөн чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга административдик жоопкерчиликке тартпай, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

САБЫРЖАН СЕЙІТЖАНОВ, РКНЫН ИИМ МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КОМИТЕТИ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

  Жарандык алган өлкө же чет өлкөлүктөрдүн туруктуу жашаган жери менен түз транспорттук, аба, автоунаа жана темир жол каттамдары болбогон учурда, ошондой эле жөө жана транзиттик каттамдар жок болсо, соттун чечими менен чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып кетүү мөөнөтү токтотулат.

Миграция жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эмгек мигрантынын Казакстанда жашоо мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек. Бирок коронавирустук инфекциядан улам чек аралар жабылып, транспорттук каттам кыйындады. Ошондуктан Казакстанда калган, бирок документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандарга 2021-жылдын кулжа айынын 5не чейин миграция полициясындагы макамын өзгөртүүгө уруксат берилет. Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзамдуу түрдө өзүнүн укуктук макамын жөнгө салбаган чет элдик жарандар жоопко тартылат.