«48 сааттык тартуу»: Борбордук Азия мамлекеттери кинематографисттерине арналган сынак

«48 сааттык тартуу»: Борбордук Азия мамлекеттери кинематографисттерине арналган сынак

«48 сааттык тартуу». Борбордук Азиянын кинематографисттери үчүн жыл сайын өтүүчү сынак теке айынын 9да башталат. Катышуучулар эки күндүн ичинде узактыгы 4 мүнөттөн ашпаган кыска метраждуу тасма тартышы керек. Ал чыгармачылык тапшырманын негизинде аткарылууга тийиш.  Сүрөт сөз айкаштарынан жана каармандардан турат. Белгилей кетсек, фильмди тартуу, сценарийди даярдоо, тартуу жана пост-продакшнга 48 саат берилет.

Конкурстук тандоо эки этаптан турат. Алгач ТОП 48 кыска тизме тандалып алынат, андан соң эл аралык калыстар тобунун акыркы добушу берилет. Бардык шарттарды сактоо менен тартылган тасмалар кинотеатрларда көрсөтүлүп, сынак YouTube каналына жайгаштырылат.

Жеңүүчүлөр Нью-Йорк киноакадемиясынын интенсивдүү кинорежиссердук курсунан өтүү, режиссёрдук, сценарист, продюсерлик, монтаждоо / пост-продакшн, оператордук жана башка ушул сыяктуу тармактардагы NYFA (эн уай эф эй) акысыз онлайн стипендиярына ээ болушат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков