Казакстанда IT адистерин даярдоо үчүн 20 миң IT ваучер бөлүнөт

Казакстанда IT адистерин даярдоо үчүн 20 миң IT ваучер бөлүнөт

Казакстанда 20 миң IT адисин окутууга арналган IT ваучерлер бөлүнөт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдад Мусин Индиянын тышкы иштер министри Минакша Лекхи менен жолугушууда билдирди. Белгилей кетсек, анда эки өлкөнүн санариптештирүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана инновацияларды коммерциялаштыруу жаатындагы кызматташуусу талкууланды.

«Санариптик трансформацияны жүргүзүү үчүн жогорку квалификациялуу IT адистеринин болушу маанилүү. Казакстанда жеке IT мектептеринде билим алуу үчүн жыл сайын IT ваучерлер бөлүнөт. Бул IT кесибин өздөштүрүп же ага өтүүнү каалагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биздин божомолдор боюнча 2025-жылы 20 миң ваучер чыгарылат. Буга байланыштуу индиялык компанияларды билим берүү долбоорлоруна катышууга чакырам - деп белгилеп өттү Санариптик өнүктүрүү министри.

Мындан тышкары, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри өлкөдө проактивдүү кызмат көрсөтүү багытына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, санариптик документтер кызматын ишке киргизүүгө жана электрондук кол тамгага өтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Биздин министрлик Индия менен АКТ, электрондук башкаруу, акылдуу шаар, IT адистеринин жөндөмдүүлүгүн арттыруу, телекоммуникация, кибер коопсуздук, космостук жана тиешелүү агенттиктер, технопарктар, венчурдук фонддор жана ишканалар тармагында кызматташууну түзүүнү көздөп жатат - деп өз сөзүн жыйынтыктады Багдат Мусин.

Өз кезегинде Индиянын тышкы иштер жана маданият министри Минакша Лекхи аталган багыттар боюнча өз ара тажрыйба алмашууга жана кызматташууга даяр экенин билдирди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков