Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди

Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Казакстандын президентин Бишкектеги «Манас-2» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жана өлкөнүн бир катар расмий өкүлдөрү тосуп алышты. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине казак-кыргыз стратегиялык кызматташтыгын чыңдоо, саясий диалогду бекемдөө үчүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери коюлган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков