Култегин тексти 14 тилге которулду

Култегин тексти 14 тилге которулду

Бүткүл түрктөрдүн даңктуу колбашчысы Култегинге арналган тексттердин жыйнагы 14 тилге которулду. Чыгарма англис, корей, кыргыз, азербайжан, монгол, немис, татар, кытай, француз жана башка тилдерде жарык көрдү. Жыйнакта Култегин комплексине байланыштуу жаңы илимий маалыматтар, архивдеги тарыхый документтер жана фотосүрөттөр, комплекстин графикалык жаңыртылышы сыяктуу бир катар маалыматтар системалаштарылып камтылды.

Дихан Камзабек уулу, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун проректору:

- Мунун өзгөчөлүгү байыркы түрк дооруна таандык түшүнүктөрдү бүгүнкү адабий колдонулуп жаткан тилде түшүнүүдө. Башкача айтканда, 8-кылымдан бери дүйнө менен алтын көпүрө болуп жатат. Муну маданий мурас, руханий кайра жаралуу деп атайбыз. Бул азыркы кездеги Жаңы Казакстан үчүн эң баалуу китептердин бири болуп калмакчы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков