Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КазУУнун филиалы ачылат

Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КазУУнун филиалы ачылат

Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин алгачкы филиалы ачылат. Бул өлкөдөгү эң байыркы Жогорку окуу жайынын  башка өлкөдөгү экинчи өкүлчүлүгү. Биринчиси ушул жылдын бугу айында Стамбулда ачылган. Ачылыш аземи Касым-Жомарт Токаевдин коңшу өлкөгө расмий сапарынын алкагында болот.

Арслан Мехмет, Аль-Фараби атындагы КазУУнун проректору:

- Биздин университет түрк жана ислам дүйнөсүндөгү эң мыкты окуу жайлардын бирине айланууда. Ташкент менен Египет, Иордания жана Армениядан филиалдарын ачуу боюнча сунуш түштү. Бизде жогорку билим берүү тармагында QS рейтинги бар жана дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин ичинде 175-орундабыз. Бул рейтингге Малайзиядан бир гана университет жана Түркиядан бир университет кирбей калганын эске алсак, бул биздин билим сапатына берилген эң жогорку баа болмокчу.

Кошумчалай кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарынын алкагында Бишкекте улуу Абайдын эстелигинин ачылышы болот.

Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри:

- Бул эмнени түшүндүрөт? Абайдын идеялары жана чыгармалары Кыргызстанда абдан жакшы жайыла баштады. Былтыр Абай жылына карата Кыргызстанда көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк. Анын китептери, чыгармалары кыргыз тилинде жарык көрүп, азыр жогорку окуу жайларда, мектептерде чыгармалары окулуп, конференциялары уюштурулуп, «Абайды» кыргыз эли окуп жаткан мезгил. Абайдын дүйнөсүн кыргыз ачып жаткан заман. Ошондуктан, эстеликтин ачылышы Абайдын Кыргызстандагы экинчи жашоосу башталат дегенди билдирет.

Казакстан менен Кыргызстандын соода алмашуусу 1 миллиард долларга жетти

Эки өлкөнүн башчылары соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга ниеттенүүдө. Анын ичинде айыл чарба, энергетика, гуманитардык долбоорлор, чек арада ири логистикалык борбордун курулушу боюнча меморандумдар бар. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жакынды түзгөн. Казакстан негизинен газ, көмүр, алтын жана автоунааларды экспорттосо, Кыргызстан баалуу металлдарды, айнек, кондитердик азыктарды, мөмө-жемиштерди жөнөтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков