Казакстанда ички туризм артты

Казакстанда ички туризм артты

Казакстандыктар арасында өлкө ичинде эс алган саякатчылардын саны көбөйдү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2021-жылы 9 миллиондон ашуун адам ачык асман алдында, эс алуу жайларында жана курорттордо эс алышкан. Бул 2020-жыл менен салыштырганда 12,6%га жана 2019-жылкы коронавирус пандемиясына чейинкиге караганда 5 пайызга көп. Туристтер айрыкча эс алуу, дарылануу, туугандарына баруу сыяктуу сапарлардын түрлөрүн тандашкан. Ал эми чет өлкөгө чыккан туристтердин саны 880 миңге жакын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков