Казакстандык окуучу дүйнөнүн 34 университетинен чакыруу алды

Казакстандык окуучу дүйнөнүн 34 университетинен чакыруу алды

Казакстандык 11-класстын окуучусу дүйнөдөгү 34 университеттен чакыруу алды. Алардын арасында Америка, Улуу Британия, Канада жана Испания, Австралиянын алдыңкы университеттери бар. Бири акысыз билим сунуштаса, экинчиси ар кандай жеңилдиктерди берген. Мирас Сеилхандын келечектеги кесиби каржы жана экономика менен байланыштуу. Максатына жетүү үчүн таланттуу окуучу 7-класстан баштап өзүн-өзү өнүктүрүүгө көңүл бурган. Атайын эл аралык сыноолорго даярданган. «Ар бир кадамымды көзөмөлдөп турган мугалимдерим, мектепти бүтүрүп кеткен агалар көмөктөштү» - дейт ал.

Мирас Сеилхан, окуучу:

- Эң негизгиси, ал «убакытты башкаруу». Башкача айтканда, алдын ала даярдануу. Ошондой эле, кайда окууну кааларыңызды алдын-ала чечип алуу. Буга кошумча, жакшы чөйрөнү табуу. Бул лицейдин дубалдарында чоң ийгиликтерге жетишкен, дүйнөлүк деңгээлдеги университеттерде окуган агаларыбыз бар. Алардын кызыктуу укмуштуу окуялары мага түрткү берди.

Дукат Кабылкаев, мугалим:

- Чет өлкөдөгү билим берүүгө кызыккан мектеп окуучуларынын мотивациясы чоң. Алар үчүн бул эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Мирас сабак учурунда дагы, сабактан тышкары дагы ушундай ийгиликтерге жетишкен. Мындай окуучуларыбыз көп.

Мирас Сеилхан ошондой эле ар кандай социалдык долбоорлорду демилгелеп, ыктыярчы клуб түзгөн. Өзүнүн ишкердүүлүгүнүн аркасында ал окуган мектептин президенти аталды. Окууну аяктагандан кийин өлкөгө кайтып келип, алган билимин өлкөнү жакшыртууга жумшагысы келет. Азыр таланттуу окуучунун кыялы-Казакстанды жаңы деңгээлге көтөрүү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков