Казакстандык окуучулар Франциядагы гимназиадан 72 медаль жеңип алышты

Казакстандык окуучулар Франциядагы гимназиадан 72 медаль жеңип алышты

Франциядагы дүйнөлүк гимназиада казакстандык окуучулар 72 медаль жеңип алышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мелдеште 28 алтын, 28 күмүш жана 16 коло медалга ээ болушту. Окуучулар таэквондо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, дзюдо, эркин күрөш, фехтование, көркөм гимнастика, жаа атуу, бокс жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештерге катышты. Эске салсак, мектеп окуучуларынын олимпиадасы Франциянын Нормандия шаарында бугу айынын 14-22 аралыгында өттү. Көп тармактуу ири иш-чара жалпы билим берүү мекемелеринин 16-18 жаштагы окуучуларына арналган. Казакстандын курама командасы бул мелдешке биринчи жолу катышууда. 64 өлкөнүн өкүлдөрү спорттун 17 түрү, ошондой эле үч паралимпиадалык дисциплина боюнча күч сынашты. Өлкө намысын 250гө жакын окуучу коргоду.

Ерболат Сыздык,  Гимназиаданын жеңүүчүсү:

- Кудай буюрса олимпиадада дүйнө чемпиондугун жеңип, өлкөбүздүн желегин желбиретем. Чет өлкөгө чыгуу, сынактарга катышуу, жаңы адамдар менен таанышуу балдар үчүн чоң тажрыйба.

Сагдат Садыков, Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук дене тарбия борборунун башкы мүдүрү:

- Быйылкы жыл Балдар жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу чоң иш-чара өтүп жатат. Казакстан курамасы бул жерге өз өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн келген жана алар жеңишке жетип жатканын көрүүгө болот. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, алдыңкы үч команданын катарына киребиз деген максат койдук. Бул балдардын арасында келечектеги олимпиада чемпиондору бар экенине ишенебиз.

Казакстан бул мектептер аралык олимпиадалык оюндарда Нуржан Нурахметов Эл аралык мектеп спорт федерациясынын аткаруу комитетине биринчи жолу киргени менен да өзгөчөлөндү. Бул өлкө өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн бүткүл дүйнөлүк кыймылдын эң жигердүү катышуучусуна айланды дегенди билдирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков