Нур-Султанда казакстандык өндүрүшчүлөрдүн VI Ulttyq Ónim көргөзмөсү өтүүдө

Нур-Султанда казакстандык өндүрүшчүлөрдүн VI Ulttyq Ónim көргөзмөсү өтүүдө

Инвестициялык долбоорлордун алкагында ишке ашырыла турган 286 өндүрүш 9,9 триллион теңге көлөмүндөгү импортту алмаштырат. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов борбор калаада өтүп жаткан казакстандык өндүрүүчүлөрдүн VI Ulttyq Ónim көргөзмөсүндө билдирди. Премьер-министрдин айтымында, быйыл 1,7 триллион теңгеге 165 долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Ар бир ушундай демилгенин айланасында чакан жана орто бизнес компанияларынын алкагы түзүлөт. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылда өлкөнүн ИДӨдөгү кичи жана орто бизнестин үлүшү 27%дан 35%га чейин өстү. Өндүрүштүн көлөмү эки эсеге өсүп, 30 триллион теңгеге жетти.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Мамлекет башчы тарабынан чакан жана орто бизнести текшерүүгө жарыяланган мораторий өлкөдөгү бизнеске оң таасирин тийгизди. Ошол эле учурда экономиканын туруктуулугуна, азык-түлүк коопсуздугуна жана бизнести өнүктүрүүгө таасир этүүчү факторлордун бири импортту алмаштыруу болуп саналат. Өндүрүштүн кайра иштетүү тармагындагы импорт былтыр 38 миллиард долларды түзгөн. Бул ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүз үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана жаңы товарлардын өндүрүшүнө инвестиция салууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Быйыл Ulttyq Ónim көргөзмөсү ата мекендик микро, чакан жана орто бизнестин 350дөн ашык өкүлдөрүн чогултту. Алардын баары мамлекеттен колдоо алган ишкерлер. Салтка айланган иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өз онүмдөрүн таанытууга жана жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзөт. Үч күндүк иш-чаранын алкагында франчайзингдик компаниялардын форуму, бизнес сүйлөшүүлөрү жана ар кандай мастер-класстар өткөрүлөт. Анда белгилүү ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүшөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков