Нур-Султанда белгилүү коллекционер бир нече кылымдык тарыхы бар экспонаттардын көргөзмөсүн ачты

Нур-Султанда белгилүү коллекционер бир нече кылымдык тарыхы бар экспонаттардын көргөзмөсүн ачты

Кылымдык тарыхы бар 1000ден ашык экспонаттар. Борбор калаада ата мекендик коллекционер-этнограф Бахаргүл Төлөгендин «Бермет экспонат» аттуу көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн автору акыркы 20 жылдан бери элдин унутта калган буюмдарын чогултуу менен алектенип келет. Анын айтымында, экспонаттар менен таанышуу азыркы муун үчүн маанилүү. Бул байыркы экспонаттардын жогорку маданий баалуулугу менен шартталган.

Бахаргүл Төлеген, Коллекционер-этнограф:

- Коллекциямдагы эң эски буюм 1-3-кылымдардагы Кушан империясы учурундагы жүгүртүүгө чыккан тыйындар. Тыйын Ооганстанда, Пакистанда жана Түндүк Индияда жүгүртүүгө чыккан. Монетанын бетинде Кушан падышанын элеси түшүрүлгөн. Ошондой эле түрк кимак доорунун орто кылымдагы баатырларынын 5 куралы бар. Алардын көбү 18-19-кылымдарга таандык күмүштөн жасалган зер буюмдар, баатырлардын соот-шаймандары жана  курлары.

Белгилей кетсек, «бермет экспонат» уникалдуу көргөзмөсү «NUR ALEM келечектин энергиясы» музейине келгендерге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт.

Даулет Еркимбаев, «Qazexpocongress УК» АК Башкарма төрагасынын биринчи орун басары:

- Биздин музей борбордун конокторуна жана тургундарына абдан популярдуу. Бул көргөзмөнүн биринчи кабатта жайгашуусу бекеринен эмес. Ошол эле кабатта Казакстан менен таанышуу аймагы жайгашкан. Маселен, көргөзмөгө келген адам алгач музейдин интерактивдүү тактасы аркылуу Казакстан менен таанышып, андан соң бул көргөзмөгө барып, казак элинин маданий баалуулугун көрө алат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков