Нур-Султанда жаш ойлоп тапкычтар адамдын жашоосун ыңгайлуу кылган аппараттарды тааныштырды

Нур-Султанда жаш ойлоп тапкычтар адамдын жашоосун ыңгайлуу кылган аппараттарды тааныштырды

Адам жашоосун ыңгайлуу кылган санариптик аппараттар. Борбор калаада NURIS hardware challenge программасынын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. Сынактын талаптарына ылайык, катышуучулар элге пайда алып келе турган санариптик мобилдик аппаратты ойлоп табышы керек. Бул үчүн жаш дизайнерлерге атайын санариптик прототип жасоо лабораториясы бөлүнүп, 2 ай убакыт берилген. Бир нече багыттар боюнча 50 долбоордун тогузу финалга жолдомо алды. Негизинен тиричилик буюмдары, балдар жана үй жаныбарларга арналган буюмдар, медициналык багыттагы аппараттар. Алардын арасында өлкөдө теңдеши жок бионикалык протездерди жасоочулар да бар. Мыктыларга акчалай сыйлыктар берилет. Жалпы байге фонду 2 миллион 200 миң теңгени түзөт.

Алмат Дүйсенбаев, Долбоор авторлорунун бири:

- Бул протез электроддор аркылуу булчуңдардан сигналдарды кабыл алып, адамдын колунун кыймылын кайталайт. Алдыдагы убакытта муну кеңири масштабда жасап, Казакстанды бионикалык протездер менен камсыздайбыз деген оюбуз бар.

Зарина Кутпанова, Санариптик протиптөө лабороториясынын ага менеджери, уюштуруучу:

- 120га жакын компанияны чакырдык. Бул компаниялар негизинен жеке адамдар. Биздин программага катышкан долбоорлорго жардам бере ала турган жана, каржылык негизде ушундай программаны иштеп чыга турган компанияларды чакырганбыз. Учурда суроо-талапка ээ болууда. Өзүңүз көргөндөй, келген коноктордун арасында биздин ар түрдүү долбоорлорго кызыгуучулук жаралып жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков