Мамлекет башчы Сенат төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды

Мамлекет башчы Сенат төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды

Өлкө башчы Сенаттын төрагасын кабыл алды. Маулен Ашимбаев президентке депутаттардын Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү референдумду талкуулоо боюнча өлкө тургундары менен жолугушуулары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаевге Борбор Азия республикаларынын мыйзам чыгаруу органдары менен кызматташууну чыңдоо тууралуу айтты. Ыкчам кызматташуу Арал деңизиндеги экологиялык абал, транс чек аралык дарыяларды биргелешип пайдалануу, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аймактык коопсуздук маселелери сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү боюнча депутаттардын биргелешкен ишин жандандырууга өбөлгө түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков