Казакстан менен Кытай ядролук материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы

Казакстан менен Кытай ядролук материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы

Казакстан менен Кытай өзөктүк материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешип аракеттенет. Ядролук, радиоактивдүү материалдардын, радиоактивдүү калдыктардын жана радиациялык-кооптуу заттардын контрабандасына бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн бажы органдарынын кызматташтыгы бекемделет. Тиешелүү мыйзам Сенаттын жалпы жыйынында кабыл алынды. Премьер-министрдин орун басары, каржы министри Ерулан Жамаубаев документте тараптардын бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарында радиациялык көзөмөл жүргүзүү, жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу каралганын билдирди.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын премьер-министринин орун басары, каржы министри:

- Биргелешкен радиациялык мониторинг жүргүзүүнүн тартиби тараптардын бажы органдарынын өкүлдөрүнөн жана окуу борборлорунун адистеринен турган биргелешкен жумушчу топ тарабынан аныкталат. Бул макулдашууну ратификациялоо Казакстан менен Кытайдын ортосунда өзөктүк материалдарды, радиоактивдүү материалдарды, радиоактивдүү калдыктарды жана радиациялык кооптуу заттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу жол-жобосу менен байланышкан маселелерди ачык-айкын жана натыйжалуу укуктук жөнгө салууга көмөктөшөт. Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.

Радиациясы белгиленген нормалардан ашкан жүктөрдү жана радиациялык каражаттарды ташууга карата, эки өлкөнүн мыйзамдарынын талаптары сакталбаган учурда, мындай товарларды экинчи тараптын аймагына алып чыгууга жол берилбейт. Министр ошондой эле чек ара бекеттери модернизацияланып, атайын биргелешкен машыгуулар, семинар-тренингдер өткөрүлөрүн билдирди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков