Казакстанда инновациялык медициналык клиникалар, фармацевтикалык ишканалар ачылат

Казакстанда инновациялык медициналык клиникалар, фармацевтикалык ишканалар ачылат

Казакстанда жаңы заманбап клиникалардын саны көбөйөт. Объекттер Нур-Султан жана Алматы шаарларында пайда болот деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлиги. Борборлор Joint Commission International эл аралык талаптарын эске алуу менен дүйнөлүк сапат стандарттарына шайкеш келтирилет. Илимий-инновациялык көп тармактуу клиникалар келерки жылдын башында ачылат. Республикада жаңы фармацевтикалык ишканаларды куруу да каралган. Бул долбоорлорго түрк инвесторлору 60 миллион долларга жакын каражат бөлүүнү көздөп жатышат. Жаңы заводдор клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, антибиотиктерди, сезгенүүгө каршы препараттарды жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн дарыларды чыгарууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, тармактык департамент 2026-жылга чейин Казакстандын рыногунда ата мекендик фармацевтикалык өнүмдүн жана медициналык буюмдардын үлүшүн 50%га чейин көбөйтүүнү көздөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков