Жыл сайын балдарды жайкы эс алуу менен камтуу көрсөткүчү артат

Жыл сайын балдарды жайкы эс алуу менен камтуу көрсөткүчү артат

2 миллион 300 миң казакстандык окуучулар жайкы каникулда ден соолукту чыңдоо лагерлеринде эс алышат. Бул былтыркыга салыштырмалуу жарым миллионго көп экенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, быйылкы жылы ден соолукту чыңдоочу лагерлердин жана аянтчалардын саны бир топ көбөйдү. Жалпысынан өлкө боюнча 11 миңден ашык мектеп, чатыр, спорт жана боз үй лагерлери болот. Кошумчалай кетсек, Балдар жылынын алкагында максаттуу курулуштар аркылуу жаңы мектептерди жана 100дөн ашык спорт объектилерин ишке киргизүү көздөлүүдө. Ал эми күзгө чейин Казакстандын ЖОЖдоруна кирүү үчүн гранттардын саны 73 миңге чейин жетет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков