Касым Хан тууралуу тарыхый экшн-драма прокатка чыкты

Касым Хан тууралуу тарыхый экшн-драма прокатка чыкты

Тасманы тартуу иштери 2,5 миңдей адамдын катышуусунда бир жарым жылга созулду. «Казакфильм» киностудиясы режиссер Акан Сатаевдин «Улуу талаа таңы» аттуу тарыхый экшн-драмасын көпчүлүккө тартуулады. Чыгармада Жанибек хандын уулу Касым султандын балалыгы, өспүрүм кези жана такка отурганы баяндалат. Тасма Алматы облусунун Жаркент шаарына жана Кеген айылына жакын жерде тартылган. Ал эми Капшагайдагы эң кыйын көрүнүштөрдүн бири – Улуу тоодогу салгылашуу. Ооба, тасмада 20 мүнөттүк оор салгылашуу көрсөтүлгөн. Кинорежиссер Акан Сатаевдин айтымында, чыгарманын эң татаал, бирок туу чокусу да ушул жери болуп саналат.

Акан Сатаев, «Улуу талаа таңы» тасмасынын режиссеру:

- Бул 14-15-кылымдардын окуясы, тарыхыбыздын эң маанилүү барактарынын бири деп айтууга болот. Албетте, бул жаатта Касым хан бабабыздын орду өзгөчө. Ушундай инсанды чыгаруу мен үчүн чоң бакыт жана чоң жоопкерчилик. Албетте, көрүүчүлөргө жагат деп ишенем. Ооба, кыйынчылыктар болду. Анткени кышында да, жайында да тартуу иштери жүрдү. Ортодо эс алып, токтоп да калдык. 2,5 сааттын ичинде 20 мүнөттүк согуш көрүнүштөрү бар. 20 мүнөт бул өтө көп негизи. Анын даярдыгы абдан кыйын болот.

Кеңири масштабдуу тарыхый долбоордо башкы роль ата мекендик актер Берик Айтжановго ыйгарылды. Анын айтымында, Баатыр бабанын ролун аткаруу кыйынга турган жок, бирок көрүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилиги чоң. Белгилей кетсек, тасмага даярдануу учурунда кастингге алты миңден ашык онлайн арыз түшкөн.

Берик Айтжанов, Касым Хандын ролун аткарган актер:

- Биринчиден бул чыгарма бизге өзүбүзгө, казак элибизге керек. Анткени, бүгүнкү күндө жаштарга өрнөктүү, тарбия берген абдан көп баатыр бабаларыбыздын элин жерин коргоодогу ынтымагы, биримдиги, эрдиги жаш муундарга патриоттук сезимге, ошондой эле ата мекенди сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялап, көз карандысыздыгыбыздын баалуулугун урматтоого үндөйт.

Тарыхый экшн-драмасы сценарийинин авторлору – белгилүү драматургдар Бекболат Шекеров, Назира Бакаева жана Акан Сатаев. Чоң масштабдагы долбоорго тарыхчылар, архитекторлор жана этнограф-курал адистери атайын чакырылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков