Алматыда Касым Хандын дубалда тартылган образы пайда болду

Алматыда Касым Хандын дубалда тартылган образы пайда болду

Алматыдагы имараттын дубалында Касым хандын сүрөтү пайда болду. Түрдүү түстүү арт-объектти Кабдолов жана Өтеген Батыр көчөлөрүнүн кесилишинен көрүүгө болот. Сүрөттү жаш сүрөтчүлөр Карина Азимжанова менен Гафура Кайырбекова тарткан. Алардын айтымында, Касым хандын образын тартууга бир жума убакыт кеткен. Маданий иш-чара «Казакфильм» киностудиясынын буйрутмасы менен «Улуу талаа таңы» тасмасынын жарыкка чыгышына карата уюштурулган. Тарыхый тасма өлкөдө бугу айынын 12нен тарта көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, анда Касым хан бийлеген доор тууралуу баяндалат. Анын тушунда Казак хандыгы гүлдөп, Чыгыш Дешти Кыпчактын кең жерлерин көзөмөлдөп турган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков