Нур-Султан менен жөө саякаттоо багыттары

Нур-Султан менен жөө саякаттоо багыттары

Целиноград, Акмола, Астана жана Нур-Султан. Азыркы борбордун мурунку көрүнүшү кандай болгон? Буга борбор калаанын Сарыарка районун аралоо менен күбө боло аласыздар. Себеби, 192 жылдык тарыхы бар конуштун көпчүлүк имараттары ушул аймакта жайгашкан. Саякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн эски шаардын сейилдөө картасы түзүлдү. Анда шаар негизделгенден бери курулуп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген Акмоло чеби сыяктуу 40ка жакын тарыхый объектилер бар. Гидде белгиленген руханий, маданий эстеликтер жана эски коомдук жайлар менен 2 багытта тааныша аласыз. Алардын биринин айтымында, байыркы архитектураны көрүү үчүн жөө басууга 2 жарым саат кетет. Экинчи менен сапар бир саатка созулат. Жеке же топтук атайын экскурсияларды уюштуруу жагы да каралган.

Темиртас Ыскаков, долбоор автору, архитектор, изилдөөчү:

- Бул карта жана колдо болгон маалыматтар биринчи президенттин паркында жайгашкан казак хандыгынын негиздөөчүлөрү Керей менен Жанибектин эстеликтеринин жанында коомчулукка жеткиликтүү. Мындан тышкары, бул каттамдар аудио гид тиркемеси менен жабдылган. Башкача айтканда, эстеликтерге QR коддору орнотулган. Жөө сейилге чыккан ар бир адам аларды сканерден өткөрүп, аудиогиддин жардамы менен казак, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү маалыматтарды угуп, тарыхы менен тааныша алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков