Борбор Азия мамлекеттеринин санариптик трансформациясы

Борбор Азия мамлекеттеринин санариптик трансформациясы

Мамлекеттик башкарууда инновациялык чечимдерди ишке ашырууда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү. Борбор калаада санариптештирүү боюнча эл аралык конференция башталды. Ага Казакстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Корея, АКШ, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 70тен ашык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Эки күндүк жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Борбор Азиядагы мамлекеттик башкарууну андан ары өнүктүрүү жана трансформациялоо боюнча тажрыйбалары, ошондой эле көз караштары менен гана бөлүшпөстөн, изилдөөнүн жыйынтыктарын да жарыялашат. Талдоочулардын айтымында, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн санариптик трансформациясына эффективдүү жана заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана калктын өкмөткө болгон ишенимин жогорулатат.

Алихан Байменов, Астана мамлекеттик кызмат хабы башкаруучу комитетинин төрагасы:

– Катышуучулар Корея, Сингапур жана Эстониянын тажрыйбасы менен көбүрөөк таанышсын деген максатта онлайн-семинарларды өткөрдүк. Бул долбоордун артыкчылыгы – аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз мамлекеттеринде ишке ашырууга багытталган долбоор жазышат. Бул практикалык мааниге ээ.  Бүгүн Түркмөнстандан башка Борбор Азияда, Кавказда санариптик трансформацияны ишке ашырууга жооптуу адамдардын баары чогулду.

Индира Шаршенова, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары:

– Казакстандын тажрыйбасы Борбор Азия аймагы үчүн жана ар кандай санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн пайдалуу болот. Бул аймактык изилдөө. Биз баарыбыз бир аймактабыз жана бул абдан маанилүү. Анткен менен өзгөчөлүгү бар, бул жагын да эске алуу керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков