Казакстанда «Oitek» архитектура илимий-практикалык борбору ачылды

Казакстанда «Oitek» архитектура илимий-практикалык борбору ачылды

Эгемендүү өлкөнүн өзгөнүн архитектурасына көз карандысыз, баштапкы калыбын кайрадан жаңыртуу. Бул максатта өлкөдө «Oitek»  архитектуралык илимий-практикалык борбору ачылды. Анын негиздөөчүсү – Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, гербдин автору, «Архитектура» кафедрасынын профессору Жандарбек Малибекулы. Жаңы борбор улуттук стилдин негизинде заманбап архитектура өнөрүн түзүүгө багытталган. Бул үчүн тамыры терең салттуу шаарларды, айылдарды, калктуу конуштарды изилдеп, фундаменталдык теориялык жана практикалык иштерди жүргүзүү көздөлүп жатат. Башкача айтканда, баалуулуктарга мүнөздүү болгон өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн курулуштун жаңы каналын баштоо. Борбор жаңы Казакстандын образын эскинин негизинде жаңыча өзгөртө турган жаңы толкун архитекторлорун чыгаруучу лабораторияга айланат.

Жандарбек Малибекулы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, гербдин автору, архитектор:

– Миң жыл мурун салынган архитектураларыбыз бар. Мына ошолорду тааныштыруу. Балбал таштар, тамга таштар, жер астындагы пантеондор бар. Алардын баарын изилдеп, жер-жерлерде бардык эстеликтерибизди реконструкциялап, кайтадан калыбына келтирүү үчүн реконструкция, реставтрация үчүн адистерди даярдашыбыз керек. Ошондуктан биз Казакстандын жер бетиндеги бардык эстеликтеринин энциклопедиясын түзүп чыгарабыз. Демек, өзүбүздүн канчалык асылдыгыбызды билсек, ошончолук алдыга умтулабыз деп ойлойм.

Ерлан Сыдыков, Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУ ректору:

– Биздин тарыхыбызда шаар маданияты болгон, керемет шаарларыбыз мыкты архитектурасы менен болгон. Анын баары бузулду. Улантуу максатында бул агабыз – Жандарбек Малибековдун лабораториясы... чоң роль ойнойт деп ойлойм. Анткени, биздин борборубузга, жалпы эле Казакстандын шаарлары улуттук стилдеги архитектурага муктаж. Илимий-практикалык борбор, келечектеги архитекторлорду, өзгөчө жаштарды улуттук стилде ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн тарбиялоочу борбор болот деп ойлойм. Бул анын көзүү тирүү кезиндеги музейи десек да болот. Өзү ушул жерде отуруп шакирттери менен иштейт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков