«Франкофон жазы-2022» маданий сезондун ачылышы

«Франкофон жазы-2022» маданий сезондун ачылышы

Казакстанда Франкофон кино жумалыгынын алкагында француз тилинде 20га жакын мыкты тасмалар көрсөтүлөт. Иш-чара чын куран айынын 2нен 10на чейин өлкөнүн 6 шаарында өтөт. Салттуу Франкофон-жазы маданий сезонунун ачылышынын алкагында уюштурулуп жаткан кинофестивалдан тышкары, бир айлык концерттер, көргөзмөлөр, конференциялар жана маданият ишмерлери менен жолугушуулар болот. Мындан тышкары Борбор Азиянын беш өлкөсүндө француз тили боюнча сынактар ​​уюштурулат. Ага катышуу акысыз. Белгилей кетсек, Франкофон жазы-2022 фестивалына бир нече дипломаттар катышат. Атап айтканда, Франция, Бельгия, Египет, Канада, Ливан, Марокко, Румыния жана Швейцария элчиликтери.

Дидье Канесс, Франциянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Фестиваль Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганды, Өскемен жана Костанай шаарларында өтөт. Мурунку жылдардагыдай эле биздин максатыбыз – француз тилинин жана франкофон маданиятынын көп түрдүүлүгүн көрсөтүү. Ошол эле учурда жалпы эл үчүн түрдүү кызыктуу программаларды түзүүгө аракет кылдык. Франкофониянын көп түрдүүлүгүн таанытуу, анткени азыр ал чоң үй-бүлөдөн турат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 321 миллион адам француз тилинде сүйлөйт. Тилдин таралышы боюнча 5-орунда. Бул сан азыр өсүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков