Казакстанда эмгек рыногуна кайра даярдоо «фабрикалары» ишке кошулат

Казакстанда эмгек рыногуна кайра даярдоо «фабрикалары» ишке кошулат

Өлкөнүн жаштарын заманбап кесиптерге багыттоо жана кесиптик даярдоо. Буга байланыштуу Казакстанда эмгек рыногундагы бүгүнкү өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, суроо-талапты канааттандыруу үчүн массалык түрдө кайра даярдоо «фабрикаларын» ачуу көздөлүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо вице-министри Ержан Биржанов билдирди. Анын айтымында, колледждерде жана иштеп жаткан ишканаларда такшалманы жогорулатуу борборлору түзүлөт. Алгачкыларын жаштардын басымдуу бөлүгү топтолгон Алматы жана Шымкент шаарларында ишке киргизүү көздөлгөн.

Ержан Биржанов, Казакстандын Эмгек жана социалдык оргоо вице-министри:

- Бул АКШнын жана башка Европа менен Азия мамлекеттеринин тажрыйбасы. Каатчылык маалында эмгекке жарамдуу адамдарды кесиптерге тез эле үйрөтүштү. Башкача айтканда, 2-3 жылдык курс эмес, 2-3 айлык курстар. Алар сизге керектүү көндүмдөрдү, тиешелүү сертификатты тез алууга жана рынокко тез чыгууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков