Эл өкүлү казак тилин окутуу программаларын текшерүүнү талап кылды

Эл өкүлү казак тилин окутуу программаларын текшерүүнү талап кылды

Мамлекеттик тилдеги программалар канчалык натыйжалуу? Мажилистин  депутаты Ерлан Саиров казак тилин үйрөтүүчү программаларды текшерүүнү талап кылды. Эл өкүлү билим берүүгө бөлүнгөн каражат кандай жумшалып жатканы, канча адам курстарды бүтүргөнү, ошондой эле мамлекеттик органдар казак тилин үйрөнгөндөргө методикалык жардам бере турган ыктыярчылык долбоорлорду колдонобу деген суроолорго кызыкты. Бул маселелер боюнча депутат өкмөттүн компетенттүү органдарын коомчулукка отчет берүүгө чакырды. Анын айтымында, учурдагы өтө татаал геосаясий кырдаал Казакстандын ички саясатынын көптөгөн аспектилерин, анын ичинде тилди кайра карап чыгууну талап кылууда. Казак тили ынтымактын, коомдун биримдигинин өзөгү жана өлкөнүн ирилешүүсүнүн тиреги болушу керек, - деп эсептейт эл өкүлү.

Ерлан Саиров, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Мына ушундай терең маселелердин бири – тил саясаты, анын ичинде мамлекеттик тилди үйрөнүү маселеси. Мамлекеттик тилди үйрөтүү, аны өздөштүрүү, тырышчаактык менен мамиле кылуу бири-бирин сыйлоого, бир туугандыкка алып келиши керек. Эне тилибиз коомдун биримдигинин символуна айланууга тийиш. Бул жерде мамлекеттик тилди окутуунун программаларынын эффективдүүлүгү, аны окуп жаткандарга реалдуу жардам көрсөтүү жагынан аудит жүргүзүү абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков