ӨКМ Ыкчам штабы: бир сутка ичинде 814 адам куткарылды

ӨКМ Ыкчам штабы: бир сутка ичинде 814 адам куткарылды

Казакстанда бир сутка ичинде 814 адам кардан куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам штабынын маалыматына караганда, 101 бала жана 3 кош бойлуу аял эвакуацияланган. Куткаруу иштерине жалпысынан 540ка жакын адис жана 30га жакын техника тартылган.

Талгат Уали, ӨКМ расмий өкүлү:

- Жалган куран айынын 29да республика боюнча 273 авариялык электр жарыгы, ошондой эле административдик жана турак жай имараттарынын чатыры жарактан чыккан 106 учур катталды. Азыркы учурда өткөрүү пункттарында 1434 унаа, анын ичинде 946 жеңил унаа, ошондой эле 428 жүк ташуучу унаа, 6 автобус бар.

Белгилей кетсек, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катуу шамал тууралуу эскертүүлөр берилген. Учурда Нур-Султан, Караганды жана Павлодарда бардык багыттар боюнча жолдор жабык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков