ДССУ Европа бюросунун аймактык мүдүрү Казакстанга келди

ДССУ Европа бюросунун аймактык мүдүрү Казакстанга келди

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык бюросунун аймактык мүдүрү Казакстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын тажрыйбасы менен таанышуу жана кызматташуунун келечегин аныктоо максатында Казакстанга иш сапары менен келди. Ханс Клюге иш сапарынын алкагында Алматыдагы медициналык университеттин студенттеринин алдында сөз сүйлөдү. Ошондой эле, Есик шаарынын медициналык мекемелерин кыдырууну көздөп жатат.

Ханс Клюге, ДССУнун Европа бюросунун аймактык мүдүрү:

- Менин Казакстанга сапарымдын эки максаты бар. Биринчиси, министр менен жакынкы эки жылга пландар боюнча документке кол коебуз. Мындан тышкары, биз айыл тургундарына медициналык-социалдык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык аянтчанын ачылышына катышабыз. Бул абдан маанилүү, анткени 10 бейтаптын 9у туура эмес тамактангандыктан көп оорушат. Ошондой эле, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, «Ден соолук бардыгы үчүн» деген темада баяндама жасайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков