Жеңилдетилген унаа насыялоо программасы ишке кошулат

Жеңилдетилген унаа насыялоо программасы ишке кошулат

Чын куран айында өлкөдө жеңилдетилген авто насыя программасы ишке кирет. Ошондой эле, насыяны алууну каалагандарга эч кандай чектөөлөр жок. Жаңы программага быйыл 100 миллиард теңге бөлүнөрү белгилүү болду. Белгилей кетсек, жеңилдетилген насыяны алуу үчүн ата мекендик автоунааларга артыкчылык берилет. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев билдирди.

Кайырбек Ускенбаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Унаа алам дегендерге 10 миллион теңгеге чейин насыя берилет. Бирок, сиз кымбатыраак унаа сатып алууга укугуңуз бар. Бирок айырманы өз чөнтөгүңүздөн төлөйсүз. Чын куран айынын аягына чейин бул маселени чечебиз деген үмүттөбүз. Чечим чыккандан кийин 4 пайыздык жеңилдик менен насыя алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков