Казакстанда Рамазан айы чын куран айынын 2де башталат

Казакстанда Рамазан айы чын куран айынын 2де башталат

Мусулман коомчулугу үчүн ыйык Рамазан айынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда орозо чын куран айынын 2де башталып, бугу айынын 1не чейин созулат. Ал эми касиеттүү Кадыр түн кечеси чын куран айынын 27нен 28не караган түнү болот. Бул тууралуу республика мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү билдирди. Ыйык айдын башталышы коңшу мамлекеттердин диний жетекчилери менен бирдикте жана шарият мыйзамдарына ошондой эле, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык тандалып алынганы айтылат.

Наурызбай ажы Таганулы, Казакстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын төрагасы, Башкы муфтий:

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, буга чейин Борбор Азияда диний майрамдарды белгилөөдө айырмачылыктар жаралган. Анын өзүнүн илимий жана диний себептери болгон. Бирок, айылы аралаш боордош өлкөлөр орозону 2 күндө баштап, айт мааракесин 2 күндө белгилеген учурлар бир нече жолу кайталанды. Бул коомчулукта баш аламандыктарды жаратты. Биз Өзбекстанга жана Кыргызстанга болгон жумушчу сапарларыбызда бул маселени кеңири талкуулап, орток пикирге келүүгө макул болдук. Келишимдин негизинде эки тараптуу меморандум кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү жарандарды кайрымдуулукка көбүрөөк тартылууга, ал эми ишкерлерди азык-түлүктүн баасын көтөрбөөгө чакырды. Ошондой эле баяндамачылар битир-садаканын өлчөмү 500 тенгени түзөрүн белгилешти. Белгилей кетсек, орозо кармоо – мусулмандын беш ыйык парзынын бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков