«ТҮРКСОЙ» уюму түрк маданиятынын ишмерлерин сыйлады

«ТҮРКСОЙ» уюму түрк маданиятынын ишмерлерин сыйлады

ТҮРКСОЙ түрк маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө зор салым кошкон ишмерлерди жана искусство уюмдарын сыйлады. «Абай Кунанбай уулу», «Низами Гянджави», «Чыңгыз Айтматов» жана «Халдун Танер», «Токтогул Сатылганов» атындагы алтын медалдар, ошондой эле, эстелик белгилер түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдаган эмгек сиңирген ишмерлерге тапшырылды. Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсүнүн жалпы Нооруз майрамына карата уюштурулду.

Багдат Тилегенов, «Сазген сазы» фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси /Казакстан/:

- Албетте, биздин жасаган ишибиз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту чыңдайт. Анын келечеги чоң деп ойлойм. Бул концертти ар бир шаарда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Америкада, жада калса Жапонияда бердик. Ар бир концерт өз изин калтырат. Бул концерт элдин эсинде калат. Ушундай түрк тилдүү уюм бар экендиги, мамлекеттердин бар экендиги, алардын маданий мурасы бай экени элдин эсинде кала берет. Биз дагы ушул Түрксой оркестринин курамына киргенибизге абдан кубанычтабыз. Алдыда дагы көп пландарыбыз жана мыкты чыгармаларыбыз бар.

Динара Ибрагимова, Хорезм музыкалык драма театрынын мүдүрү/Өзбекстан/:

- Учурдан пайдаланып, мен Дүйсен Корабайулы баштаган ТҮРКСОЙ уюмуна ушундай сыйлык менен эскерип жатканына, чакырууларыңыз үчүн, урмат-сыйыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул мен үчүн күтүүсүз белек болду.

Сайрабү Челекеева, солист /Кыргызстан/:

- Мен үчүн күтүлбөгөн сыйлык болду. Күтүлбөгөн жакшы сыймык. Мен ТҮРКСОЙду жан дилим менен сүйөм. Менин эмгегимди баалап, ушундай сыйлыкка татыктуу кылганы үчүн рахмат. ТҮРКСОЙдун өнүгүп-өсүшүнө чын жүрөктөн тилектешмим.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ 350гө жакын түрк тилдүү өлкө өнөрпоздорунун башын бириктирген Нооруз майрамына карата эки жумалык программа иштеп чыккан. Ири масштабдуу иш-чара 2022-жылдын маданий борбору катары таанылган Бурса шаарында ушул айдын соңунда жыйынтыкталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков