Казакстанда ыктыярчылардын саны артууда

Казакстанда ыктыярчылардын саны артууда

Казакстанда ыктыярчылык менен алектенгендердин саны көбөйдү. Бүгүнкү күндө 3400дөн ашык ыктыярчылык уюм бир платформада иштейт. Анын курамына 51 миңдей волонтёр кирет. Акмолалык түгөйлөр Андрей менен Марина Лутошкиндер 2014-жылдан бери ыктыярчылардын катарында. Экөө аймактагы көптөгөн кампанияларды, анын ичинде эл аралык долбоорлорду башкарат.

Андрей Лутошкин, ыктыярчы:

- Ыктыярчылык – бул чын ыкластан жасалган иштен өзүңө өзгөчө сезимдерди тартуулап, шык берген, сонун таасирлерге толгон нерсе. Биз багытты тандабайбыз. Кайсыл жерге жардам керек болсо биз ошол жердебиз. Ошондой эле, көптөгөн экологиялык акцияларга, агартуу иштерине жана тарыхый изилдөөлөргө катыштык.

Казакстанда ыктыярчылык кызматка жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, мартабасы артып келет.  Ал эми атайын иштелип чыккан мобилдик тиркеме волонтёр болууну каалагандарды тез каттоого жана алардын өз ара байланышын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мансия Есекеева, облустук Жаштар ресурстук борборунун жетекчиси:

- Эгерде сиз тиркемени жүктөгөн болсоңуз, эң биринчи алдыңызга «Сизге жардам керекпи?» же «Жардам бергиңиз келеби?» деген суроо чыгат. Эгер жардам бергиңиз келсе, сиз ыктыярчысыз. Ошол учурда сиз өзүңүздү каттайсыз. Толук аты-жөнүңүздү жазгандан кийин сизге белгилүү бир эскертме келет. Кайсы жерде жана кандай адам жардамга муктаж экендигин тандайсыз. Ал адамдар менен ыктыярчылардын ортосундагы ишти тез байланыштырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков