ККК причалдарынын бири ишке кошулат

ККК причалдарынын бири ишке кошулат

Каспий куур консорциумундагы иштебей калган причалдардын бири калыбына келтирилет. Бул тууралуу Энергетика министри Болат Акшолаков Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Бул мунай  ташууну бир кыйла турукташтырат. Калган эки причал 2-3 жумада оңдоодон өткөрүлөт. Эске салсак, Кара деңизде болгон бороондун кесепетинен консорциумдун 3-причалы аварияга учураган. Иликтөө жүргүзүү үчүн адистер бардык 3 причалдын ишин токтотуу чечимин кабыл алышкан.

Болат Акшолаков, Казакстандын Энергетика министри:

- Өлкөбүздүн кен жайлары бир нече күн резервуардык паркка иштей алат. Эгерде Новороссийск портундагы причалдын ремонту узакка созулса, анда 3 ири кен жайында мунай өндүрүшү бир кыйла азаят. Биз Каспий куур консорциумундагы кесиптештерибиз менен сүйлөшүп, причалдардын бири бүгүн ишке кирерин билдик. Эми алдыңкы 2-3 жумада калган аппараттар иштей баштайт деген ишенимдебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков