Каатчылыкка каршы чаралар боюнча ыкчам штаб агроөнөр жай комплекси маселелерин карады

Каатчылыкка каршы чаралар боюнча ыкчам штаб агроөнөр жай комплекси маселелерин карады

Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо алкагында Казакстанда импортко көз карандылыкты азайтуу үчүн ата мекендик үрөн сортторун өнүктүрүү программасы кабыл алынат. Бул тууралуу Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөткө караштуу Каатчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Кургакчылыкка чыдамдуу жана жогорку түшүм берүүчү үрөндөрдүн жаңы сортторун өнүктүрүү абдан маанилүү экендигин Премьер-министр белгиледи. Ошондой эле, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине «Казакстан темир жолу» АКсы менен биргеликте айыл чарба өндүрүшү үчүн товарларды жана материалдарды өз убагында жеткирүү боюнча кошумча вагондор менен камсыз кылуу жана үрөндөрдү ташып келүүнүн альтернативдүү жолдорун изилдөө боюнча иш алып баруу тапшырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков