Абайдын кара сөздөрү түрк тилине которулду

Абайдын кара сөздөрү түрк тилине которулду

Улуу Абайдын «Кара сөздөрүнүн» түрк тилиндеги жаңы котормосу жарык көрдү. Котормо менен казак адабиятын жана маданиятын жакшы билген жазуучу, окумуштуу Ашур Өздемир алектенген. Буга чейин ал казактын белгилүү жазуучулары Алихан Бөкейхановдун, Миржакып Дулатовдун, Султанмахмут Торайгыровдун чыгармаларын түрк тилине которгон.

Ашур Өздемир, жазуучу, окумуштуу:

- Казак менен Абайды кеңири түшүндүргөн китептердин бири – Кара сөздөр. Түрктөр Абайды акын деп эсептешет. Бирок анын философиясы жана башка эмгектери менен тааныш эмес. Бул китепти которуунун негизги себеби ушул. Албетте, кара сөздөр буга чейин да которулуп келген. Бирок менин котормомдун мааниси өзгөчө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков