Украинадан дагы бир репатриациялык рейс уюштурулат

Украинадан дагы бир репатриациялык рейс уюштурулат

Украинада калган казакстандыктарды эвакуациялоо үчүн дагы бир рейс уюштурулат. Гуманитардык учак Польшанын Катовице шаарынан жалган куран айынын 25де учат деп мерчемделүүдө. Казакстандын Украинадагы элчилигинен билдиришкендей, аталган борт менен учуу үчүн жарандар жалган куран айынын 24нө чейин Львовго же жалган куран айынын 25не чейин Катовицеге өз аракеттери менен келүүсү керек.

Эске салсак, буга чейин Катовице шаарынан өлкөгө алты репатриациялык рейс уюштурулган. Аны менен 690 жаран өлкөгө кайтып келди. Жалпысынан Украинадан 836 адам чыгарылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков