Ишкердикти өнүктүрүү боюнча Улуттук долбоорго 35 миңге жакын жаштар катышты

Ишкердикти өнүктүрүү боюнча Улуттук долбоорго 35 миңге жакын жаштар катышты

2025-жылга чейин ишкердикти өнүктүрүү боюнча Улуттук долбоорго 35 миңге жакын жаш казакстандык катышты. Алардын 24 миңи ишке орношсо, анын 11 миңи туруктуу иш менен камсыз болгон. Ошондой эле, «Жаштар практикасы», «Урпактар келишими» жана «Алгачкы жумуш орду» долбоорлорунун алкагында жаштарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү. Эске сала кетсек, Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында «Жаштар практикасы» жана «Алгачкы жумуш орду» долбоорлору катышуучуларынын эмгек акысын субсидиялоонун көлөмү 30 АЭКга чейин көтөрүлдү. Бизнес-демилгелерди ишке ашыруу үчүн гранттардын көлөмү эки эсеге көбөйүп, 1 миллион 200 миң теңгеге жетти. Буга кошумча, быйыл жаш ишкерлерге 10 миң кайтарымсыз грант берүү мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков