ТҮРКСОЙ: Ноорузду 15 мамлекеттин өкүлдөрү бирге белгилешүүдө

ТҮРКСОЙ: Ноорузду 15 мамлекеттин өкүлдөрү бирге белгилешүүдө

15 өлкөдөн 300гө жакын өнөрпоздун башын бириктирген майрам. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Нооруз майрамын белгилөөнү Түркиянын Ушак шаарынан баштады. Жыл башын майрамдоого бул жолу бир гана түрк мамлекеттери эмес, ошондой эле, Балтика өлкөлөрүнүн өнөрпоздору да чогулушту. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Нооруз майрамы 15 күндүк концерттик программа менен коштолот. Уюм күнөстүү майрамды Түркиянын эң эски 8 шаарында белгилөөнү көздөөдө.

Арман Нурмахаматулы, эл аралык Түрксой уюмунун өнөр жана маданият департаментинин башчысы:

- Биз түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын, искусствосун сактоо жана коргоо боюнча иш алып барган уюм катары жыл сайын Нооруз майрамын  белгилейбиз. Жалпы быйылкы Нооруз майрамынын өзгөчөлүгү – көптөгөн өлкөлөрдөн өнөрпоздордун катышуусунда. Атап айтканда, Казакстан, Азербайжан сыяктуу Борбор Азиянын түрк тилдүү өнөрпоздору бар. Андан сырткары, Балтика өлкөлөрүнөн Сербия, Македониядан өнөрпоздор катышып жатат.

Эл аралык иш-чара катышуучуларынын айтымында, салттуу майрамдык концерттер  көрүүчүлөрдүн көңүлүн эле бурбастан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маданий мамилелердин өнүгүшүнө жол ачат.

Чинара Хейдарова, Азербайжан мамлекетинин эмгек сиңирген артисти:

- Ар кандай салттуу майрамдарга катышып келебиз. Бул майрамдык концерт ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган масштабдуу иш-чаралардын бири. Мен Азербайжан мамлекети ТҮРКСОЙго мүчө болгонуна сыймыктанам.

Юлияна Кривошапкина, Саха Республикасы – Якутия:

- Биздин Түрксой сыяктуу уюмубуз бар экенине кубанычтамын. Биз бир үй-бүлө сыяктуу күчтүүбүз. Ар бир жолукканыбызда чоң кубаныч менен көрүшөбүз. Биз түрк өлкөлөрүнүн, анын ичинде ТҮРКСОЙдун мүчөсү болгонубузга абдан кубанычтабыз.

Белгилей кетсек, эки жумага созула турган майрамдык иш-чара быйыл түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп таанылган Бурса шаарынын стадионунда өтө турган масштабдуу концерт менен жыйынтыкталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков