Улуу Британиядагы казактар Ноорузду белгилешти

Улуу Британиядагы казактар Ноорузду белгилешти

Ата мекенден алыс жүргөн казакстандыктар улуттук каада-салттарды көздүн карегиндей сактап келишет. Улустун улуу күнү милдеттүү даярдала турчу Нооруз көже да унутулбайт.

Лондондо жашаган Бадига Саваш өмүрүндө биринчи жолу Улустун улуу күнүнүн башкы тамагын даярдоодо. Бул салт Түркиядан Улуу Британияга көчүп келген казактар арасында кеңири тараган эмес. Бул жерде жылкынын эти жок, казы-картаны табуу өтө кыйын. Анын ордуна Бадига айым британиялыктар кеңири колдонгон козу этин жана алты түрдүү дан кошту. Кыргызстандан алынып келинген куруттар да даам кошот.

Бадига Саваш, Лондон тургуну:

- Кыйын эмес. Эч кандай кыйынчылыгы жок экен. Мен нооруз көже дегенде кыйын бир нерсе болсо керек деп ойлочумун. Көрсө көже жасоо абдан оңой экен. Эми мындан ары нооруз көжени жыл сайын жасап турам. Даамдуу болду. Келген конокторго да жакты.

Багдат Дускинова, Лондон тургуну:

Биз, келген бардык казактар абдан кубанычтабыз. Казактар алыста, чет жерде жүрсө да бири-бирин сагынышат. Каада-салтыбызды абдан сагынабыз, тамак-ашыбызды сагынабыз.

Саваштардын үй-бүлөсү оор мезгилде Алтай аймагынан Түркияга, андан соң Улуу Британияга көчүп келген казактар. Алар Лондондо дээрлик 40 жылдан бери жашашат. Үй-бүлө башчысы Абдисалим Саваш жергиликтүү казак диаспорасынын төрагасы. Анын айтымында, Лондондо кыркка жакын казак үй-бүлө жашайт. Алар Эгемендүүлүк күнү, Нооруз, Айт сыяктуу мамлекеттик, улуттук жана диний майрамдарды ар дайым чогуу майрамдоого аракет кылышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков