Шайлоо системасын жаңыртуу

Шайлоо системасын жаңыртуу

Шайлоо жараянынын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, коомдук байкоочуларды даярдоо. Шайлоо системасын модернизациялоо боюнча ушул жана башка сунуштарды Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана борбор калаанын коомчулук өкүлдөрү талкуулашты. Эл менен жолугушууну шайлоо комиссиясынын атайын тобу уюштурган. План боюнча мындай жолугушуулар Казакстандын бардык аймактарында өткөрүлөт. Нурлан Абдировдун айтымында, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүдө эң алыскы конуштардагы шайлоочулардын пикири эске алынат. Эске сала кетсек, президент өлкөдөгү шайлоого таасирин тийгизе турган бир катар өзгөрүүлөрдү жарыялаган. Касым-Жомарт Токаев калкты өзүнүн жарандык позициясын жигердүү көрсөтүүгө жана шайлоону кайра куруу жараянына толук катышууга чакырды.

Нурлан Абдиров, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

- Жаштар менен жеке жолугушуу болот. Мындай жолугушууларды жаштар менен ар бир облуста жекече өткөрүп жатабыз. Мунун да бир себеби бар. Тилекке каршы, жаштар биздин келечегибиз дейбиз, эртеңки Казакстан силердин колуңарда деп айтабыз. Бирок басымдуу көпчүлүгү шайлоого барбайт. Биринчиден, беш облустан шайлоо боюнча сурап чыктым: Биз барабызбы, барбайбызбы, ансыз да шайлоонун жыйынтыгы чечилип калган деп айтышат.  Аларды биз үйрөтүшүбүз керек, көргөн-билгенибизди айтып беришибиз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков