Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара бекеттери ачылды

Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара бекеттери ачылды

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда бажы бекеттери ачылып, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып келүүсүнө шарт түзүлдү. Үчтүн айында коңшу өлкөлөр коронавирустун Omicron штаммынын кайра өрчүшүнө байланыштуу чек араларын жапкан. Аба байланышына гана уруксат берилген. Азыр чектөөлөр алынып, автобус каттамдары жанданды. Ташкенттен Алматыга, Шымкентке, Кызылордага, Нур-Султанга каттамдар аткарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков