Казакстан пара-спорт боюнча чет элдик кеңешчилерди тартууну мерчемдеп жатат

Казакстан пара-спорт боюнча чет элдик кеңешчилерди тартууну мерчемдеп жатат

Казакстан келечекте өтө турган Олимпиадаларга ата мекендик спортчуларды даярдоо үчүн чет элдик пара-спорт кеңешчилерин чакырууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Маданият жана спорт министрлиги комитетинин төрагасы Самат Ергалиев билдирди. Анын айтымында, адистер алдыдагы оюндарга даярдыктарды баштады. Негизги көңүл эл аралык тажрыйбага бурулат.

Самат Ергалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги комитетинин төрагасы:

- Маселен, коңшу Кытай мамлекети төрт жылдан бери жалпы командалык эсепте 20-орундан 1-орунга көтөрүлдү. Өлкө өз спортчуларын даярдоо жүрүшүндө чет элдик адистерди, тактап айтканда, Орусия менен Беларустан келген адистерди курама командаларына кеңешчи катары алган. Азыркы учурда бизде пара-спорт түрлөрү боюнча чет элдик консультанттарды тартууну карап жатабыз. Ошондой эле, Парижде жана Миланда өтө турган Паралимпиада оюндарына атайын программа иштеп чыгып, Улуттук паралимпиада комитети менен биргеликте иш алып барабыз.

Эске сала кетсек, Кытайда өткөн 13-кышкы Паралимпиадалык оюндарга өлкө атынан 5 спортчу катышкан. Казакстандын курама командасы бир коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 53 өлкөнүн ичинен 17-орунга ээ болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков