Казакстанда жеңилдетилген автонасыя шарттары чын куран айынын аягына чейин бекитилет

Казакстанда жеңилдетилген автонасыя шарттары чын куран айынын аягына чейин бекитилет

Казакстанда жеңилдетилген автонасыя шарттары чын куран айынын аягына чейин бекитилет. Ата мекендик жабдууларды сатып алуу шарттары, ошондой эле, каржылоо тартиби мамлекеттик органдар тарабынан бекитилип жатканын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Жеңилдетилген насыялоо программасы боюнча каржылоонун жалпы көлөмү 100 миллиард теңгени түзөт. Ал эми Казакстандын аймактарындагы автобустарды модернизациялоого 30 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнүүдө. Программа жактырылса, жашоочулар 7 жылга чейин насыяны баштапкы төлөмсүз ала алышат. 1 автоунаа үчүн насыянын максималдуу суммасы 10 000 000 тенгеден ашпашы керек. Белгилей кетсек, Казакстандын жарандарынын жеңилдетилген насыяга автоунааларды сатып алуусу, ошондой эле, автобус паркын жаңыртуу программасы «Жасыл Даму» АК тарабынан каржыланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков