Mangystau Nauryz Fest-2022: улуттук спорт даңазаланды

Mangystau Nauryz Fest-2022: улуттук спорт даңазаланды

Аймактарда улустун улуу күнүн белгилөө иш-чаралары башталды. Актауда «Mangystau Nauryz Fest-2022» фестивалынын алкагында улуттук спорт даңазаланды. Бул жерде жергиликтүү өспүрүмдөр менен жаштар жаа атуу боюнча күч сынашты. Ачык турнирге Жаңы-Өзөн шаарынан жана башка беш райондон 60ка жакын көзгө атар мергенчилер катышты. Балдар жана кыздар үч этапта күч сынашып, ар кайсы аралыкка 5 жебеден жаа атышты. Иш-чаранын негизги максаты - жаштардын улуттук спортко болгон кызыгуусун арттыруу. Белгилей кетсек, облуста салттуу жаа атуу федерациясы 2020-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө спорттун бул түрү менен миңге жакын адам алектенет.

Мөлдир Сауирбай, мелдештин катышуучусу:

- Буга чейин 5 сынакка катыштым. Анын ичинен экөө республикалык мелдеш. Мага бул спорттун түрү өзгөчө жагат. Биз бул спорт түрүн жандандырып жаткан жаштарбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков