Алматыда атайын датчиктердин жардамы менен аба сапатына мониторинг жүргүзүлөт

Алматыда атайын датчиктердин жардамы менен аба сапатына мониторинг жүргүзүлөт

Алматы шаарынын микроклиматы эми атайын каражаттардын жардамы менен аныкталат. Мегаполисте абанын сапатын аныктоочу датчиктерди орнотуу мерчемделип жатат. Азия өнүктүрүү банкы шаар акимчилигине жаңы доордун ушундай 50 эсептегичин тапшырды. Аппарат булгануунун негизги булактарын аныктайт, демек алардын көмөгү менен шаардын экологиялык абалын, муну менен катар, калктын ден соолугун чыңдоого да болот. Бул аппарат күн батареяларынан жана тышкы коргоочу экрандардан, ошондой эле, реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалыматты жарыялаган уюлдук байланыш тармактан турат. Алар Казгидрометтин жана Азия өнүктүрүү банкынын «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» долбоорунун веб-сайттарына жайгаштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков