Казакстандыктар жаңы түзүлө турган облустар тууралуу жаңылыкты кызуу талкуулоодо

Казакстандыктар жаңы түзүлө турган облустар тууралуу жаңылыкты кызуу талкуулоодо

Казакстандын картасында үч облус пайда болот деген кабар эл тарабынан жылуу кабыл алынып, кызуу талкууга алынууда. Президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуусунда «улуттук аң-сезимибизди бекемдеп, түпкү географиялык аталыштарды кайтарып, улуу инсандарыбыздын элесин кайра жандандыра бермекчибиз» деп белгиледи. Бул тарыхка болгон сый-урмат гана эмес, жергиликтүү бийлик үчүн да оптималдуу чечим экенин тургундар айтышат.

Блиц:

- Бул жалпы Семей тургундары үчүн, Абай эли үчүн, алаш журтчулугу үчүн кубаныч. Анткени бул өз убагында кабыл алынган чечим. Ал эми тарыхый жактан адилеттүү чечим деп эсептейбиз.

- Бул Семей үчүн абдан жакшы жаңылык. Семей шаарынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойм.

- Экиге бөлүнүүнүн да кезеги келип турган сыяктуу. Анткени, Алматы облусу республикадагы эң ири облустардын бири. Бул кайра жаралуу үчүн зарыл шарт деп эсептейм.

 - Капчагай шаарына Конаев атабыздын ысымын ыйгаруу максатка ылайыктуу. Анткени, көзүнүн тирүүсүндө Казакстандын тамырына кан жүгүрткөн инсан болгон.

- Жеке аймак жекече өнүгөт. Кандай гана ири экономикалык иш-чара болбосун өлкөгө пайда алып келет. Бул өнүгүүгө жол ачат деп ойлойм.

- Бул идеологиялык жактан туура деп ойлойм. Себеби, улут уясы Улытау дейбиз. Бул иш жүзүндө ушундай болушу керек эле.

Которгон: Илгиз Жамалбеков