Голливуд тасмаларына Казакстанда үн коштолобу?

Голливуд тасмаларына Казакстанда үн коштолобу?

Казакстандын кинотеатрларында Голливуд тасмалары көрсөтүлбөй калышы мүмкүн. Орусияга каршы санкциялардан кийин бул маселе ата мекендик дистрибьюторлорду жана кино көрүүчүлөрдү тынчсыздандырууда. Деген менен бир нече күн мурун өлкөнүн башкы киностудиясы «Казакфильм» дүйнөлүк премьералардын үнүн коштоого даяр экенин маалымдады. Ал үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр да, кесипкөй дубляж актёрлору да жетиштүү. Бирок бул кымбат жараян. Ошондуктан ал канчалык өзүн-өзү актайт? Адистерди ушул маселе тынчсыздандырууда.

Айдар Баталов, Ш.Айманов атындагы «Казакфильм» студиясынын өндүрүш боюнча вице-президенти:

- Стандарт боюнча бир тасманы дубляждоо субтитрлөөгө караганда алда канча кымбат, казакча субтитрден баштасак деген сунуш да болду. Эгерде алдыдагы убакытта бул тасмалар бизге берилип калса, албетте, дубляждан мурун субтитрден баштаганыбыз оң. Эмнеге? Түшүндүрүп көрөйүн, биринчиден, бул дубляждан бир топ арзан. Тасма англис тилинде түп нускада болсо, субтитр казак тилинде болот. Бул көрүүчүлөрдүн тезирээк англис тилин үйрөнүп алуусуна жардам бермек. Бул абдан жакшы.

Бир эле тасмада дүйнөлүк киножылдыздарды казакча сүйлөтүү үчүн болжол менен жүз миң доллар керектелет. Бирок дубляждын кымбаттыгы Голливуд премьераларынын прокатына терс таасирин тийгизе турчу жалгыз коркунуч эмес. АКШнын эң ири студиялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү унутпоо керек.

Айдар Баталов, Ш.Айманов атындагы «Казакфильм» студиясынын өндүрүш боюнча вице-президенти:

- Бизге түз келишим менен же аймактык дистрибьютор аркылуу 30-50 тасма берилсе... Бирок биздин рынок чоң эмес болгондуктан, күмөн саноолор да бар.

Эми кырдаалдын өнүгүшүн күтүү керек. Мүмкүнчүлүк пайда болуп жатса, анын артыкчылыгын айтпаса да түшүнүктүү. Ата мекендик киноиндустриянын өнүгүшүндө чоң бурулуш болору анык. Быйыл эле «Казакфильм» 5 жаңы фильмди кеңири прокатка даярдаган. Анын үчөө драма, экөөсү комедия жана бир тарыхый тасма бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков