«Улуулар үндөштүгү» эл аралык конференциясы

«Улуулар үндөштүгү» эл аралык конференциясы

Мухтар Ауэзовдун айтылуу кыргыз эпосу «Манас» тууралуу монографиясы кайрадан басылып чыгарылды. Алгачкы нускасы 1934-жылы жарык көргөн эмгегин автор бир нече жолу редакциялап, бир катар оңдоодон өткөргөнү белгилүү. «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас» китеби ауэзовтаануучулар менен ушул эпосту изилдөөчүлөргө көмөкчү курал болору талашсыз. Алматыда Эл аралык Түрк академиясы өткөргөн «Улуулар үндөштүгү» конференциясында «Ахмет Байтурсынов жана Алаш» жыйнагы да тааныштырылды. Ага улут мугалиминин замандаштары менен азыркы изилдөөчүлөрдүн тандалган макалалары кирди.

Дархан Кыдырали, Эл аралык Түрк академиясынын президенти:

- ЮНЕСКОдо Ахмет Байтурсынов жылы жарыяланганы маалым. Биз Эл аралык Түрк академиясы Ахмет Байтурсыновду даңазалап келебиз жана көптөгөн мамлекеттерде, көптөгөн шаарларда эл аралык уюмдар менен бирге иш-чараларды өткөрүп келебиз. Анын алгачкысын Алматыда баштап жатабыз. Убагында Ахмет Байтурсыновдун 50 жылдык мааракесинде 25 жашар Мухтар Ауэзов баяндама жасаган экен. Биз да Байтурсыновдун 150 жылдыгы менен Ауэзовдун 125 жылдыгын бирге белгилейбиз. Мындай иш-чаралар жыл бою улана берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков