Павлодарда жаш кол өнөрчүлөр сынагы өттү

Павлодарда жаш кол өнөрчүлөр сынагы өттү

Казак элдик кол өнөрчүлүк түрлөрү дүйнөлүк бренд болууга татыктуу. Бул Павлодар облусунда өткөрүлгөн курак куроо боюнча сынакка катышуучулардын пикири. Жаш чеберлер оймо-чиймелерди тез эле эмес, эң негизгиси кооз түшүрө аларын көрсөтүштү. Маселен, алардын айрымдары өздөрүнүн жаратууларынын кичи версияларын көрсөтсө, башкалары – казактын байыркы «Сөйкө салуу» каада-салтына арналган улуттук буюмдарды сунуштады. Улагат Жумагалиулы сынакка катышып жаткандардын арасындагы жалгыз бала. Сайма саюу ийримине катышкан өспүрүм келечекте атактуу дизайнер болууну жана мода дүйнөсүн багынтууну кыялданат.

Улагат Жумагалиулы, окуучу:

- Тигүүчү машинка менен иштөөнү мага мугалимим үйрөттү. Мен ийри-буйру кылып сайма сайганды да билем. Мында кооз оймо-чиймелер жана орнаменттер пайда болот. Бул иш мага абдан жагат.

Малика Нахипова, кол өнөр чебери:

- Биздин милдет кыздарга сайма сайганды гана үйрөтүү эмес. Муну менен катар, алардын ишкердик активдүүлүгүн ойготуу. Нооруз майрамынын алдында балдар өз өнүмдөрүн сата ала турган жарманке өткөрөлү деп жатабыз. Ушинтип биз аларды эмгекчилдикке үйрөтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков