COVID-19: казакстандык лабораторияларда 22 миллиондон ашык изилдөө жүргүзүлдү

COVID-19: казакстандык лабораторияларда 22 миллиондон ашык изилдөө жүргүзүлдү

Казакстандын 184 лабораториясында коронавирустун ПЧР диагностикасы жүргүзүлөт. Алар пандемия башталгандан бери 22 миллиондон ашык изилдөө жүргүзүштү. Жалпысынан өлкөнүн коронавирус катталган шаарларында 16 модулдук оорукана курулуп, 3 инфекциялык оорукана реконструкцияланды, 63 амбулаториялык-эмканалык уюм пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен эки жылдык күрөштүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылат. Атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия 2 миңден ашык шашылыш жана сарамжалдуу чечимдерди кабыл алган. Калкты эмдөө өткөн жылдын бирдин айынын 1де башталган. Улуттук биологиялык коопсуздук институту «QazVac» ата мекендик вакцинасын иштеп чыкты. Караганды фармацевтикалык комбинатынын базасында Sputnik V жана Sputnik Light вакциналарын чыгаруу ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө Казакстандын эмдөө паспорту дүйнөнүн 30 өлкөсүндө таанылганын Саламаттык сактоо министрлиги кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков