Ийгиликтин жемиши: бизнестеги энелер

Ийгиликтин жемиши: бизнестеги энелер

Борбор калаада жайгашкан бул тигүү цехинин иштеп жатканына эки жылдан ашты. Бул жакта улуттук стилдеги кийимдер, медициналык халаттар, беткаптар тигилет, ошондой эле, кызга сеп, төшөнчүлөр жана уникалдуу буюмдар жасалат. Ал эми эң кызыгы жумушчулардын баары цехтин ээси Алида Отарбаева сыяктуу көп балалуу энелер. «Алтын алка» ээси жолдошу экөө 9 баланы багып, тарбиялап келишет. Ага карабастан тигүү цехинде көп убактысын өткөрүп, кесибин өнүктүрүп, башка кыз-келиндерге тигүүчүлүк өнөрүн үйрөтүүгө жардам берип келет. Айта кетсек, ишкер Алида Отарбаева «Бизнес баштоо» программасынын алкагында окуп, чакан ишкана ачууга жетишкен.

Алида Отарбаева, ишкер:

- Азыр жумушум көп, чоң балдарым мектептен келгенче жолдошум бала менен отурат. Түштөн кийин жумушка кетет, биз ушундай иштейбиз. Мен атайын курстан өтүп, 200 АЭК грант утуп алдым, станок алдым, андан кийин 5 миллиондук грантка арыз бердим. Ага да макулдук берилди. Ошол акчага станокторду, жүн тытуучу машина сатып алдым.

Келечекте Алида Отарбаева өз өндүрүшүн кеңейтүүнү көздөп жатат, анткени бул башка көп балалуу энелерге жаңы кесип үйрөнүүгө, ошондой эле, жеке бизнесин түзүүгө жардам берет.

Алида Отарбаева, ишкер:

- Балдарыбыз үчүн баарын жасашыбыз керек, өзүбүздүн колубуз менен жасап, үлгү болушубуз керек. Балдарыбыздын келечегин куруу биздин милдет. Мен көп балалуу үй-бүлөдөн болом, жети бир тууганбыз. Мен бир жашка чыкканда атам каза болгон экен. Ошого карабастан апам жумушка эрте кетип, тынымсыз иштеди, азыр апам 80 жашта, ал өмүр бою эсепчи болуп иштеди, мамлекеттен эч нерсе сураган эмес. Жалпысынан алганда, биз аял заты ар тараптуу болушубуз керек. Эч ким эч кимге милдеттүү эмес, эч ким эч кимге карыз эмес деген принцип менен жашайм.

Марина Елжасова цехтин жумушчуларынын бири. Анын айтымында, тигүүчүлүктү жакында эле баштаган. Бүгүнкү күндө Маринанын жөнөкөй хоббиси сүйүктүү жана ийгиликтүү кесипке айланган.

Марина Елжасова, тигүүчү:

- Кичүү балам төрөлүп, бир жашка толгон кезде кесибим боюнча иштей албасымды түшүндүм, анткени кесибим инженер-куруучу эле. Ошондон баштап тигүүчүлүккө көбүрөөк көңүл бура баштадым. Алгач кичинекей станок сатып алып, акырындап тигүүчүлүк менен алектенип, ишимди алдыга жылдыра баштадым. Ар бир аял өз иши менен алектенсе, жан дүйнөсүнө жакын нерсени жасаса, ага мамлекеттен эч нерсе керек эмес.

Алида Отарбаеванын айтымында, бактылуу өмүр сүрүүгө ишкердикке арналган атайын курстар, эмгекчилдик, чынчылдык жана пайда табууга деген умтулуу жол көрсөткөн. Айта кетсек, бүгүнкү күндө көп балалуу энелердин колунан жасалган кооз буюмдарга борбор калаадан эле эмес, коңшу шаарлардан да буйрутмалар түшүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков